Коррупция жөнүндө кабарлоо
Коррупция жөнүндө кабарлоо
Эгерде Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери тарабынан коррупциялык белгилер табылса, суранабыз: — Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн Коомдук кабылдамасына (03663) 2-00-03,
0772 120 167 ишеним телефону аркылуу кабарлоону;- же Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 1-кабатында атайын орнотулган жашыруун кутучасына Бешкент айылы, Бешкент көчөсү №63 дареги боюнча кайрылууларды, арыздарды жана сунуштарды калтырууну;- же ken-talaa_ao@mail.ru
электрондук дарегине билдирүү калтырууну суранабыз.
2026-жылдын 16-февралында Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн жыйындар залында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча 2026-2027-жылдарга иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Джумабаев , аппараттын кызматкерлери, жана жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты. Жыйында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жөнүндө” № 137 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” №193-б буйругу менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш- чаралар планына (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) толуктоо катары айыл аймагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу үчүн 2026-2027-жылдарга иш-чаралардын планы, Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы “2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” № 29 токтому аткаруу үчүн талкууланып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.


