Таза суу линиясы пайдаланууга берилди
2022-жылда Үч-Булак, Кереге-Таш айылдарына таза суу линияларын киргизүү боюнча 33900,0 миң сомдук долбоор даярдалып, Бүткүл Дүйнөлүк банкы аркылуу каржыланып, тендерге коюлуп, 2023- жылы каржыланып, азыркы мезгилде Кереге-Таш айылында таза суу линиясы толук бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Ал эми Үч-Булак айылына таза суу линиясын киргизүү Үч-Булак ( Бүткүл Дүйнөлүк банкы) 24,0 млн каралып, 7,0 млн акча каражаты бөлүнүп, эки суу топтолуучу резервуар курулган.


